Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 81 “2015-жылда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды …

№ 81 “2015-жылда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун, жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. 2015-жылда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун тексти бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун тексти Кыргыз Республикасында катталган интернет-басылмаларга жиберилсин.

3. Каалоосун билдирген интернет-басылмалар менен бул Меморандумга кол коюлсун. 

4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                            Т. АБДРАИМОВ

  

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 81

 

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2011-жылдын 28-июлундагы

№ 81 токтому менен

бекитилген

 

 

 

2015-жылда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын интернет-басылмаларынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум

 

Мындан ары Тараптар деп аталган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) жана Кыргыз Республикасынын интернет-басылмалары

эркин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык камсыз кылуу процессинин маанилүүлүгүнө негизденип,

маалыматтарды таратууда жана Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерин чагылдырууда интернет-басылмалардын өсүп бара жаткан ролун эске алып,

шайлоо комиссияларынын ишин жана шайлоо процессинин баскычтарын чагылдыруу маселелери боюнча толук жана объективдүү маалыматтарды берүүдө интернет-басылмаларга көмөк көрсөтүү максатында,

Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашаган жана негизги маалыматты интернет-басылмадан алышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына маалыматка карата жеткиликтүүлүк укугун камсыз кылуу үчүн,

интернет-басылмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана анын өкүлдөрү жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен шайлоо процессине тең шарттарда катышуусун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эске алып,

ошондой эле кызматташуу Тараптардын ортосундагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун жана шайлоо процессине оң таасир этээрин түшүнүү менен ушул Меморандумга кол коюшуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

 

1-берене. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессин маалыматтык камсыз кылууну ишке ашыруу менен макулдашкан Тараптар жетекчиликке алууга ниеттенген алкактык шарттарды аныктайт.

1.2. Электрондук редакциялар, интернет-сайттар, интернет-порталдар, веб сайттар, жаңылык сайттары жана д.у.с. интернет-басылмалар деп түшүнүлөт.

1.3. Борбордук шайлоо комиссиясында интернет-басылмаларды жана алардын өкүлдөрүн аккредитациялоо интернет-басылмаларды уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аккредитациялоонун шарттарында жана тартибинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ар тараптуу жана объективдүү маалымдоо максаттарында жүзөгө ашырылат.

1.4. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн интернет-басылмага интернет-басылмаларды уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн белгиленген үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби интернет-басылмага жайылтылат.

1.5. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде интернет-басылмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

2-берене. Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ар тараптуу жана объективдүү маалымдоо үчүн интернет-басылмалардын өкүлдөрүн аккредитациялоонун шарттары жана тартиби

 

2.1. Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-басылмаларды жана алардын өкүлдөрүн аккредитациялоону ушул Меморандумдун негизинде жүргүзөт.

2.2. Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитация алууну каалаган Интернет-басылма жана/же алардын өкүлдөрү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин он календардык күндөн кечиктирбестен табыштама берүүгө укуктуу.

2.3. Аккредитациялоо үчүн интернет-басылмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн саны чектелген эмес.

2.4. Кандай гана болбосун шайлоо комиссиясында өткөрүлүүчү бир иш-чарага бир интернет-басылманын өкүлдөрүнүн саны шайлоо комиссияларынын жыйналыштары жана башка иш-чаралары өткөрүлүп жаткан жайларга аларды жайгаштыруунун анык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аныкталат жана бир интернет-басылмадан үч адамдан ашпоого тийиш.

2.5. Интернет-басылманын редакциясынын жана/же анын өкүлүнүн аккредитациялоого табыштамасы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын наамына жетекчинин колу менен редакциянын расмий бланкасында берилет.

 

Табыштамада төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

- интернет-басылманын толук аталышын, редакциянын дарегин, телефондорунун жана факстарынын номерлерин, электрондук дарегин;

- интернет-басылманын аккредитациялоого сунуш кылынган өкүлүнүн (өкүлдөрдүн) анкеталык маалыматтарын: фамилиясын, атын, атасынын атын толугу менен, кызмат ордун, кызматтык жана уюлдук телефондорун.

Табыштамага төмөнкүлөр тиркелет:

- домендик таандыктуулугун ырастоочу Кыргызстанда домендерди каттоо кызматынын расмий каты;

- эфирдик убакытты, басма аянтын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетадагы жарыялоонун көчүрмөсү. 

2.6. Интернет-басылмалар табыштамада камтылган интернет-басылманын өкүлдөрүнүн тизмесин жана башка маалыматты да электрондук вариантта “интернет-басылманы жана/же анын өкүлүн аккредитациялоо (интернет-басылманын аталышы)” белгиси менен электрондук вариантта press_slujba@shailoo.gov.kg, pressa@shailoo.gov.kg, электрондук почтасына ушул Меморандумдун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жиберет. Кол коюлган табыштаманын жана Кыргызстанда домендерди расмий каттоо кызматынан каттын көчүрмөлөрү pdf же jpeg форматында электрондук форматка тиркелет.

2.7. Аларга карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген же зарыл документтерсиз берилген аккредитациялоого табыштама кароого кабыл алынбайт.

 

3-берене. Интернет-басылмалардын өкүлдөрүн аккредитациялоону уюштуруу жана маалымдоо үчүн шарттарды түзүү

 

3.1. Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-басылманы жана/же анын өкүлүн аккредитациялоону уюштуруу алкагында төмөнкүлөрдү аткарат:

- интернет-басылмаларды жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоонун мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө интернет-басылмага өз убагында кабарлайт жана маалымдайт;

- интернет-басылмаларга жана/же алардын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдары жана интернет-басылмаларды жана/же алардын өкүлдөрүн аккредитациялоодон өткөрүүнүн эрежелери боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;

- интернет-басылмадан жана/же анын өкүлүнөн келип түшкөн документтерди кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат.

3.2. Интернет-басылманы жана/же анын өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө чечим аккредитациялоого акыркы табыштаманы алгандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

3.3. Интернет басылманы жана/же анын өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы аккредитацияланган интернет-басылмалардын жана/же алардын өкүлдөрүнүн тизмесин түзөт жана аны Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырат.

3.4. Борбордук шайлоо комиссиясы жана төмөн турган шайлоо комиссиялар аккредитацияланган интернет-басылмаларга жана/же алардын өкүлдөрүнө шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ар тараптуу жана объективдүү маалымдоо үчүн шарттарды түзүүнүн алкагында төмөнкүлөрдү аткарат:

-Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жана күн тартибине киргизилген маселелер жөнүндө интернет-басылмаларга жана/же алардын өкүлдөрүнө өз убагында маалымдайт;

-интернет-басылмалардын өкүлдөрүнүн шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына киргизилишин камсыз кылат;

-байланыштын техникалык каражаттарын пайдалануу менен өздөрүнүн редакцияларына оперативдүү кабарларды берүү үчүн интернет-басылмалардын аккредитацияланган өкүлдөрүнө атайын орундарды берет;

-суроо-талап боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган чечимдерге тиешелүү маалыматтарды берет;

-Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча пресс-релиздерди жиберет;

-шайлоолорго даярдыктын мезгилинде жана шайлоо күнү фото-, видео тартууларды жүзөгө ашыруунун шарттарын түзөт жана тартибин аныктайт;

-маалыматтарды таратуу үчүн атайын брифингдерди, жолугушууларды, басма сөз-конференцияларын жана башка иш-чараларды уюштурат;

- жарыяланган маалыматтык-маалымдамалык материалдар менен суроо-талап боюнча тааныштырат;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, анын орун басарлары, мүчөлөрү жана башка шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушууларды, интервьюларды уюштурууга көмөк көрсөтөт.

3.5. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жыйналыштарда өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, интервью берүү убагында жана башка учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан айтылган маалыматтарды бурмалоого жол бербөө жөнүндө интернет-басылмага жана/же анын аккредитацияланган өкүлүнө эскертүүгө;

2) жарыяланган анык эмес жана/же бурмаланган маалыматка/макалага жокко чыгаруу берүү жөнүндө интернет-басылмага жана/же анын өкүлүнө кайрылууга.

 

4-берене. Интернет-басылмалардын аккредитацияланган өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

4.1. Аккредитацияланган интернет-басылма жана/же анын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарга жеткиликтүүлүккө жана жайылтууга бардык укуктардан пайдаланышат.

4.2. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык камсыз кылууга катышкан интернет-басылма жана/же анын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жана ченемдерине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар шайлоочуларга маалымдоого катышууга;

2) жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга;

3) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө ар тараптуу жана объективдүү маалымдоо үчүн аккредитация алуу үчүн өздөрүнүн өкүлдөрүн Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүүгө.

4.3. Аккредитацияланган өкүлдөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

а) журналисттик этиканын жалпы таанылган ченемдерин сактоого;

б) шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин сактоого;

в) шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө объективдүү маалыматтарды берүүгө;

г) билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана  талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо комиссияларынын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын ар-намысына, кадыр-баркына же иштиктүү беделине залал келтирген жарыялоолорго жол бербөөгө;

д) шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган сөз эркиндигин кыянат пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат;

е) алар катышкан иш-чаралардын (эгерде ал атайын басма сөз үчүн уюштурулбаса) жүрүшүнө кийлигишпөөгө;

ж) шайлоо комиссияларынын жайларында коомдук тартипти жана жүрүм-турумдун ченемдерин бузбоого;

з) өзүндө редакциялык ырастамасын жана паспортун алып жүрүүгө (интернет-басылмага таандулуктугун ырастаган документтер) жана шайлоо комиссияларынын имаратына кирүүдө, ошондой эле кесипкөй ишин жүзөгө ашырууда талап боюнча аны көрсөтүүгө. Интернет-басылмалардын аккредитацияланган өкүлдөрүнүн тизмегине киргизилген интернет-басылманын өкүлүнүн редакциялык ырастамасы шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына жана иш-чараларына тоскоолсуз киришин камсыз кылат;

и) түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн кайрылган учурда алардын демилгелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жана мүчөлөрүнүн пикирин жайгаштырууга.

 

5-берене. Интернет-сайттардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын ажыратуу

 

5.1. Интернет-басылманын жана/же анын өкүлүнүн аккредитациясы төмөнкүдөй чакыртып алынышы мүмкүн:

-интернет-басылмалардын өкүлдөрү редакциядан бошонгондо (бул учурда редакция башка өкүлдү аккредитациялоого укуктуу);

-интернет-басылма ишин токтоткондо.

5.2. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул Меморандумдун 4.3-пунктун бузган учурда интернет-басылманын бардык өкүлдөрүнүн аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

5.3. Аккредитацияны чакыртып алуу тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Чечим жүйөлөштүрүлүүгө жана жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулууга тийиш.

 

6-берене. Интернет-басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу тартиби

 

6.1. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган интернет-басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен жарыялоого тийиш.

6.2. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган интернет-басылма шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде ушул Меморандумдун 2.5 жана 2.6-пункттарында көрсөтүлгөн табыштаманы жана документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө тийиш.

6.3. Ушул Меморандумдун 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн маалыматтарды жарыялаган интернет-басылмага Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга жол берилбейт.

6.4. Ушул Меморандумдун 6.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин жарыяланган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берген интернет-басылмага Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга жол берилбейт.

6.5. Ушул Меморандумдун 2.5 жана 2.6-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө бербөө үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтарды ушул Меморандумдун 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарыялабоого барабар жана интернет-басылманын шайлоо алдындагы үгүт ишине катышуудан баш тартуусу катары эсептелет.

 

7-берене. Интернет-басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт ишине катышуусун уюштуруу

 

7.1. Борбордук шайлоо комиссиясы:

- интернет-басылмага жана/же анын өкүлдөрүнө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды интернет-басылмалар тарабынан жарыялоонун жана берүүнүн мөөнөттөрү жана эрежелери жөнүндө өз убагында кабарлайт жана маалымдайт;

- интернет-басылмаларга жана/же алардын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын жоболорун жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуунун эрежелерин маалымдоо жана түшүндүрүү боюнча маалыматтык жана консультациялык жардам көрсөтөт;

- интернет-басылмалардан жана/же алардын өкүлдөрүнөн келип түшкөн документтерди кабыл алууну жана каттоону жүзөгө;

- шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан интернет-басылманын жана/же анын өкүлдөрүнүн тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырат.

7.2. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан интернет-басылмалар жана/же алардын өкүлдөрү тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин он календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:

3) жыйналыштарда өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, интервью берүү убагында жана башка учурларда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан айтылган маалыматтарды бурмалоого жол бербөө жөнүндө интернет-басылмага жана/же анын аккредитацияланган өкүлүнө эскертүүгө;

4) мурда анык эмес жана/же бурмаланган маалымат/макала жарыяланган бөлүмүндө жокко чыгаруу берүүнү интернет-басылмадан жана/же анын өкүлүнөн талап кылууга.

 

8-берене. Тараптардын жоопкерчилиги

 

8.1. Тараптар ушул Меморандумдун шарттарын сактабагандык үчүн өз ара жоопкерчиликти белгилейт.

8.2. Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен талаш-тартыштарды чечүү үчүн бардык күчүн жумшайт.

8.3. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынын ушул Меморандумдун шарттары сакталбаган учурда интернет-басылма бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала эскертүү менен ушул Меморандумдан чыгышы мүмкүн.

8.4. Интернет-басылмалар жана/же алардын өкүлдөрү тарабынан ушул Меморандумдун шарттары сакталбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-басылманын жана/же анын өкүлүнүн аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу, ошондой эле интернет-басылманы жана/же анын өкүлүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.

 

9-берене. Башка Тараптардын кошулуу шарттары

 

Ушул Меморандумга кошулуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилген кошулуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.

 

10-берене. Корутунду жоболор

 

10.1. Интернет-басылма, ушул Меморандумдун катышуучулары бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала эскертүү менен андан кандай болбосун убакта чыгышы мүмкүн.

10.2. Ушул Меморандумга өзгөртүү жана толуктоо анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын негизинде Меморандумдун катышуучулары – Тараптар менен консенсуска жетишүү жолу менен киргизилет.

10.3. Кызматташуу жөнүндө ушул Меморандум Тараптардын ар бири үчүн 1 (бир) нускадан мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлдү жана ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кол коюлган датасы: _____ 2015-жылдын августу

 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясы үчүн:

 

Төрага Т. Абдраимов                                             _________________

 

 

Интернет-басылма үчүн:

 

____________________

____________________                                     _________________