№491 2017-жылдын 22-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы № 407 токтому менен 2017-жылдын 22-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Юсупова Тоту Жумашевна табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 4-октябры, 
№ 491