№85  Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун  Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер катталган - Сексенбаев Талайбек Эргешбаевич жана Чомотоев Канат Керимкулович. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Добуш берүүгө Шекер айылдык кеңешиндеги 21 депутат катышкан. Добуш берүүдө Сексенбаев Т.Э. - 8 добуш, Чомотоев К.К. – 13 добуш алган.

Шайлоонун натыйжасында Чомотоев К.К. Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18 - беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 20-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы  тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чомотоев Канат Керимкулович табылсын.

2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Шекер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын  28-июну 
№ 85