Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 – пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-1-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин кайрадан шайлоо 2012-жылдын 20-январына дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

         4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

            ТӨРАГА                                                                  Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш. 2011-жылдын 27-декабры

№ 422