№ 238 Чүй облусунун Жайыл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү Дж. Э. Умралиеванын,  А.Б. Аманованын  аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана А.О. Джеенкулованын резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, «Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Э.Ш. Торокуловду комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2016–жылдын 6-декабрындагы № 31 чечиминин негизинде,  аймактык шайлоо комиссиянын курамына резервде турган А.А. Шамурзаев, С. Маматкулова, С.Б.  Шаматов киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19,      22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Умралиева Джепаркуль Эгинбаевна  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамурзаев Абдыганы Акимович киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан Демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Торокулов Элдяр Шаршенович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Жаш Билек» Жаштар саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматкулова Сайрагул киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жана резервинен «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Аманова Анюта Букубаевна, «Республика – Ата Журт»  саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Джеенкулова Айжамал Оросовна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шаматов Сарымсак Боронович киргизилсин.

4.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын   8 - декабры

№ 238