№197 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.У. Абдрахмановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер С.У. Абдрахмановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер С.У. Абдрахмановдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Бекназаров Акбарали Козубаевич;

- Тулкунов Жаныбек;

- Пусуров Камбар Ырысбаевич.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.У. Абдрахмановдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 04-июлу
№ 197