Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2010-жылдын 7-сентябрындагы, 2010-жылдын 8-сентябрындагы, 2010-жылдын 9-сентябрындагы №№218, 223, 228, 213 токтомдору менен “Каганат”, “Либерал-Прогрессивдик Партиясы”, ”Кыргызстан коммунисттеринин партиясы”, “Мекен Ынтымагы” саясий партиялары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин каттаган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Каганат” саясий партиясынан катталган талапкер Хамматов Рафкат Гильмутдиновичтен, “Либерал-Прогрессивдик Партиясы” саясий партиясынан катталган талапкер Назиров Жаникул Каримбердиевичтен, ”Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлер Жоошев Сүйүн, Кундузов Абдиманнан жана Абыканов Жеңишбек Арсарбековичтен, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан катталган талапкер Нарматов Ильичбек Адилбековичтен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары келип түштү.
Катталган талапкердин жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:
«Каганат» саясий партиясынан:
- Хамматов Рафкат Гильмутдинович;
«Либерал-Прогрессивдик Партиясы»саясий партиясынан:
- Назиров Жаникул Каримбердиевич;
«Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан:
- Жоошов Сүйүн, Кундузов Абдиманнан жана Абыканов Жеңишбек Арсарбекович;
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан:
- Нарматов Ильичбек Адилбекович.
2. Төмөнкү катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
- «Каганат» саясий партиясынан 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 26;
- «Либерал-Прогрессивдик Партиясы» саясий партиясынан 2010-жылдын 8-сентябрындагы № 20;
- от политической партии «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан 2010-жылдын 9-сентябрындагы №№ 84, 46, 52;
- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 22.
3. Бул токтом «Каганат», «Либерал-Прогрессивдик Партиясы» «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Мекен Ынтымагы» саясий партияларына маалымдалсын.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
ТӨРАГАНЫН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУ Ж. АКМАТОВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 25- сентябры
№ 279