03.08.2020 ж. № 154 Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө Нускама тууралуу

Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө

Нускама тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн, 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүн, 31-беренисинин 2, 7-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө Нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 3-августу

№ 154