№ 90 “2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликттүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасыны

Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарынын жана тургундарынын кайрылууларын эске алып жана  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

  1. “2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликттүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги №80 токтомунун Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин №5 Бирлик-Сайдахматов шайлоо округунун чек аралары боюнча бөлүгүн төмөнкүдөй шайлоо округдарына бөлүү тууралуу өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Бирлик» шайлоо округу (УИК №5353)

(Борбору: Араван айылы, М.Султанов көчөсү, А.Сайдахматов атындагы айылдык маданият үйүнүн имараты

Шайлоочулардын саны - 2392,  6 мандат.

Чек арасы: Б.Айдаров (мурдагы Анжыян), Х.Файзуллаев көчөлөрүнүн эки тарабы “Бирлик” үрөнчүлүк чарбасына чейин М.Курбонов  көчөсүнүн эки тарабы, М.Султонов көчөсүнүн эки тарабы, А.Сидиковдун үйүнөн баштап Токтогул көчөсү менен кесилишкен жерине чейин, Эгамбердиев  көчөсүнүн эки тарабы Каримова Манзурахандын үйүнөн баштап. Улукбек көчөсү Маткаримовдун үйүнөн баштап С.Шарипов мектебине чейин).

-«Сайдахматов» шайлоо округу (УИК №5521)

(Борбору: Араван айылы Токтогул көчөсү, А.Сайдахматов атындагы орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны -1855,  4 мандат.

Чек арасы: П.Каюмов (мурдагы Г. Гулом) көчөсү, Токтогул көчөсү жаңы чектер кошулуп Хасан Сидиков көчөсү, М.Султанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнүн кесилишкен жери менен эки тарабы жемиш бакчасына чейин, Сүткор участкасы. Эрка кашка участкасы.)

  1. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 18-апрели

№90