19.02.2021 №46 Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык- Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Бишкек, Ош, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Баткен шаардык, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Лейлек, Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал, Балыкчы, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл, Түп, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас, Токмок, Жайыл, Панфилов, Сокулук, Чүй, Москва, Ысык-Ата, Кемин, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, жана Ысык- Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-февралы
№ 46