16.12.2020 №469 «2021-жылы 10-январда КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» КР БШК
«2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 21-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы №263, «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жөнүндө» 2020-жылдын 14-декабрындагы №467 токтомдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 15-декабрындагы чыгыш №13-025/12600 сунушунун, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 15-декабрындагы №32/1 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 46, 47 жана 48-пункттар менен толукталсын:
№ |
№ УШК |
Чет өлкөдөгү мекеме |
Дарек |
Электрондук почта |
46. |
№ 9016
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү |
Москва ш., Житная көчөсү, 6/8 (№627 мектеп) |
pred.migras.@mail.ru
|
47. |
№ 9017 |
|||
48. |
№ 9018 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү |
Тюмень ш., Ленин көчөсү, 78 |
turdumamatov1963@mail.ru |
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 16-декабры
№ 469