№128 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжайлары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы  менен дайындалган Талас облусунун  Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинде мандаттардын санын 21ди түзөт. Жергетал айылдык кеңеш боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок төзүлгөн. Шайлоочулардын санын 3047 түзүп, анын ичинен 1411 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы  санынан 46,3% түзөт.

Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжайлары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркеме).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

Бишкек ш., 2017-жылдын 2- июну

№ 128