№38 Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 7-февралындагы № 19-б буйругу менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Эралиев Толонаалы Кадышович, Вознесеновка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-январындагы № 48/XIII-1-VII токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 21-февралындагы № 01-б буйругу менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

2018-жылдын 24-февралына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 16-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 13-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 27-февралы 
№ 38