Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Исаев Анарбектен аны Ош облусунун Ноокат районунун айылдык кеңешинин Кеңештин депутатынын статусунда калыбына келтирүү жөнүндө арыз келип түшкөн.
Ош облустук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2009-жылдын 13-ноябрындагы №45 “Ноокат районунун айылдык кеңешинин Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары жөнүндө” токтому менен А.Исаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу. 2009-жылдын 6-апрелиндеги Ноокат райондук сотунун өкүмү менен А.Исаев кылмыштын курамы жоктугуна жана кылмышты жасоодо күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу акталган болчу. 2009-жылдын 14-июлдагы Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын өкүмү менен А.Исаевге карата өкүмү жокко чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын КЖК 128-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2010-жылдын 18-майындагы токтому менен Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 14-июлдагы өкүмү жокко чыгарылган, кылмыш иши ошол эле сотко судьялардын башка курамында карап чыгуу үчүн жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын 2010-жылдын 6-июндагы аныктамасы менен Ноокат райондук сотунун өкүмү жокко чыгарылган жана иш боюнча өндүрүш токтотулган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун маалыматына ылайык процесстин катышуучуларынын бири тарабынан да Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын аталган чечими даттанылган эмес (2010-жылдын 17-декабрындагы чыгыш №01-7/1190 каты).
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 54-беренесинин 1-,5-пункттарын, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-, 33-пунктчаларын, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-,3-,4-, 29-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош облустук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2009-жылдын 13-ноябрындагы №45 “Ноокат районунун айылдык кеңешинин Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Аталган токтом мыйзамга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Ош облустук шайлоо комиссиясына маалымдалсын.
3. Бул токтомду Ош облустук шайлоо комиссиясы А.Исаевге жана М.Р.Аскаровго маалымдасын.
4. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шайлоо боюнча сектордун башчысы А.Б.Кадыркуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 17-декабры
№337