№185 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н. А. Нышановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Н.А. Нышановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Н.А. Нышановдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

–Токтосунова Дамира Маданбековна;

-Ниязова Феруза Мырзамамытовна;

-Абдысаматов Руслан Бексултанович;

-Мукамбетова Аида Абдыгалиевна;

-Байсалбеков Аскарбек;

-Мустапаев Табылды;

-Токсекеева Шайыркүл Бектургановна;

-Бекматова Ширин Мирзаевна;

-Сарукиева Айдана Ашимовна;

-Маткадырова Кульмира Алимжановна;

-Болотбек уулу Абдурахман.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Н.А. Нышановдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Базарбаева Гульзат Болотбековна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А. Нышановдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 30-июну

№185