Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 39 токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо
2013-жылдын 15-апрелине дайындалган, бирок Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калгандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 45 токтому менен Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын
25-апрелине дайындалган, бирок Миң-Куш айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калгандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги
5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 20-майына дайындалсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы
№ 67