№158 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Нускаманы бекитүү тууралуу

КР БШКнын 2020-жылдын 29-октябрындагы №279-токтому менен күчүн жоготту 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 27, 41, 46, 53, 54-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Нускама бекитилсин. (тиркелет)

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Нускаманы бекитүү тууралуу” № 30 токтомун күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 14-июну

№ 158