“Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесинин 3-пунктунун ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону натыйжалуу уюштуруу жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо төмөнкү депутаттыкка катталган талапкерлерди Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо күнүнө чейин сот тартибинде салынуучу администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берилсин:
- Нифадьев Владимир Иванович –КРСУнун ректору
- Акматбеков Манас Сулкарнаевич – КР ИИМ
- Асанов Курсан Сатарович – Ош ш. ИИБ начальниги
- Жоошбеков Заирбек Сулайманович – Ош облусунун Савай айылдык округунун башчысы
- Базарбаев Толонбай – Отуз-Адыр поселкалык кеңештин башчысынын орун басары
- Асылбеков Куттубек Бообекович - «Манас дүйнөсү» газетасынын редактору
- Раимжанов Бакытбек Молдошевич – КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык Изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары
- Дуйшебаев Ороспек Тукушович – «Талас балык чарбасы» МИ директору
- Кулов Феликс Шаршенбаевич – Чакан, орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча дирекциянын директору
- Алиев Эмиль Турдугулович – Чакан, орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча дирекциянын директорунун орун басары
- Тургуналиева Элиза Кызартбековна – Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин катчысы
- Тиллекова Назира Манасовна – «Кадырали-Ата» ЖЧКнын “Тамчы” газетасынын башкы директору
- Адиев Каныбек Маматбекович – Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин ички аудит башкармалыгынын башкы адиси
- Базариева Гуляим Керималиевна – КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн адиси
- Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович – КР Финансы полициясынын улук оперуполномочени.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры
№ 307