№30 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракеттери жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 13-февралындагы № 12/к чечими менен түзүлгөн Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракетерине карата арыздарды жана даттанууларды карап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын  төмөнкү корутундусун эске алуу менен:

- 2014-жылдын 10-январында Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечиминин негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары А.А. Тагаевдин жана А.Ш. Осмонованын мандаттарын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган;

- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Г. Рыскулова жана катчысы Э. Торокулов тарабынан шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү буга чейин кабыл алынган чечимдерден баш тартышты деген шылтоо менен ушул чечим таризделген эмес, ушундан улам, ал тарабынан токтом кылуучу бөлүгү такыр башка, өз алдынча өзгөртүлгөн жазуусу менен 2014-жылдын 10-январындагы № 7 протокол кабыл алынган;

- 2014-жылдын 25-январындагы № 9 протоколунун мазмунунда катышкандардын арасынан кол койгондордун ичинен Г.М. Мамбеталиеванын фамилиясы бар, бирок ал жыйналышта жок болгон;

- бул маселе боюнча АШК мүчөлөрүнүн ичинен чыгып сүйлөгөндөрдүн арасынан  Н. Виноградованын фамилиясы жазылган, бирок АШК мүчөлөрү тарабынан кол койгондордун арасында андай фамилия жок болгон;

- жыйналышта катышкан АШКнын 7 мүчөсү болсо, добуш берүүгө АШКнын 8 мүчөсү катышкан;

- Кыргыз Республикасынын БШКнын 2014-жылдын 31-январындагы № 1 чечими аткарылган эмес, анда Жалал-Абад АШКнын 2014-жылдын 10-январындагы №7 жана 25-январындагы № 9 чечимдери жокко чыгарылган, ушуга байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин эки депутатын чакыртып  алган жана жергиликтүү кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда, бош калган депутаттык мандат аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча депутат болуп шайлангандан кийин турган талапкерге өткөрүлүп берилиши керек деп белгиленген;    

- 2014-жылдын 17-февралында жыйналышты өткөрүүдө (№ 10 протоколу) шайлоо мыйзамдардын ченемдери, тактап айтканда, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга  тыюу салынган ченеми бузулган.

Жалпысынан, жерине барып жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө   Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиянын жетектөөчү органынын жергиликтүү кеңештердеги өз депутаттарын чакыртып алуу укугунун ажыратылгыс бөлүгүн бекиткен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана ченемдерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткарбагандыгы, ошондой эле өз аймагында талапкерлер жана саясий партиялар үчүн тең укуктук шарттарды камсыз кылбагандыгы аныкталган.

Ошондуктан, шайлоо мыйзамдарынын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарын, 2-бөлүгүнүн 5-пунктун, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы таркатылсын.

2.Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 10 протоколу жокко чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 токтомунун “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Осмонова Айнура Шермаматовна жана Тагаев Абибилла Абдыкарович Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары болуп шайланды деп табылган  бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

4. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Осмонова Айнура Шермаматовнанын жана Тагаев Абибилла Абдыкаровичтин күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

5. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Осмонова Айнура Шермаматовнанын жана Тагаев Абибилла Абдыкаровичтин каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

6. Ботокараев Кумарбек Пазылович жана Тойгонбаев Султанбек Кутманбекович “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын.

7. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы Ботокараев Кумарбек Пазыловичти жана Тойгонбаев Султанбек Кутманбековичти Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары деп каттасын жана аларга  жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин берсин.

8. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы таркатылганга чейин анын төрагасынын жана катчысынын кызматын ээлеп турган  Г. Рыскулова жана Э. Торокуловго карата тийиштүү чара көрүү өтүнүч менен прокуратура органдарына кайрылуу жөнөтүлсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты мыйзамдарда каралган мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзсүн.

10. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

  ТӨРАГА                                                                  Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары, 2014-жылдын 18-февралы

№ 30