24.12.2020 №506 Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 21-декабрындагы № 189-р буйругу менен Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенаманов Бакытбек Замирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 22-декабрындагы №104-к, буйругу менен Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Алимов Илимбек Турдалиевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоо 2021-жылдын 12-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн

2. Панфилов жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен  өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       

ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-декабры

506