06.04.2021 №103 2021-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-мартындагы №70 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Абылгазиев Мирлан Молдалиевич катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 31-мартындагы протоколу менен Бакыян айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, М.М. Абылгазиев - 11 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 31-мартындагы протоколу менен Абылгазиев Мирлан Молдалиевич Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2021-жылдын 31-мартындагы протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 31-мартындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Абылгазиев Мирлан Молдалиевич Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 6-апрели
№ 103