“Республика” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Исаев Канатбек Кедейкановичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бересенинин 1-бөлүгүнүн 2,25-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Абдрахманов Алишер Орозбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп табылсын.
2. Абдрахманов Алишер Орозбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 4- марты
№ 35