Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 11.02.2020 №42 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү …

11.02.2020 №42 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №159-токтому менен бекитилген .....

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №159-токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө» Жобого

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын 22-беренесин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №117 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №159-токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1.4-пункт:

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

«шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участокторунун иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө расмий маалымат;

маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгынын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтар камтылган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий маалыматы;

интернет - маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириккен компьютердик тарамдардын тутуму);

интернет-басылма - эгерде интернет-басылмага кирүүчүлөрдүн саны суткасына 500 уникалдуу кирүүчүдөн же айына 1000 уникалдуу кирүүчүдөн ашса, социалдык тарамдардагы интернет-блогдордон жана жеке адамдардын персоналдык барактарынан тышкары, жаңылыктык, маалыматтык-талдоочулук, көңүл ачуучулук жана башкача мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында администрацияланган (модернизацияланган) же Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары ээлик кылуучулары болуп саналган, интернет тарамына кирүүчүлөрдүн эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген интернет сайт (портал, форум);

- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«катталган талапкер - шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөө үчүн талапкер катары тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган, Конституцияда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келген адам;»;

2)  2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «2.1. Шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүң мезгилинде шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын өз эрк-ниет аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындуулугуна түртүүгө көмөктөшүүчү материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча иш.

Шайлоочуларга маалымдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Төмөнкүдөй маалыматтарды таратууну:

-  шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө;

- шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө;

- шайлоо участоктору  жөнүндө;

- шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби жөнүндө;

-  добуш берүүгө катышуу тартиби жөнүндө;

- добуш берүү тартиби жөнүндө;

- добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө тартиби жөнүндө;

2) Шайлоо комиссияларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий маалымдоо:

- кайсы бир талапкерге (талапкерлерге) артыкчылык түзбөй туруп, тигил же бул талапкер үчүн, же аларга каршы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган талапкер (талапкерлер) жана анын (алардын) программалары жөнүндө,

- кайсы бир саясий партияга (партияларга) артыкчылык бербей туруп жана тигил же бул саясий партия үчүн же ага каршы үгүт жүргүзүү белгилери камтылбаган саясий партия (партиялар) жана анын (алардын) программалары жөнүндө.»;

3) 2.4-пункт  «мыйзамдарда» деген сөздөн кийин «, ушул Жободо» деген сөздөр менен толукталсын;

4) 2.5-пунктта «же» деген сөз «жана интернет-басылмаларда» деген сөздөр менен толукталсын;

5) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы  2.5-1-пункт менен толукталсын:

«2.5-1. Республикалык бюджеттен каржыланган телерадиоуюмдар, башка телерадиоуюмдар жана санариптик берүүнүн атайын пакетине кирген телерадиоуюмдар шайлоо комиссияларына акысыз эфирдик убакытты шайлоочуларга маалымдоо үчүн жетиштүү көлөмдө берүүгө милдеттүү:

- өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө;

- добуш берүүгө катышуу тартиби жөнүндө;

- добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;

- шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө;

- шайлоо процессинин башка маселелери жөнүндө.»;

6) 3.2-пунктта «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы» деген сөздөр алып салынсын;

7) 3.3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Шайлоо комиссиялар шайлоочуларга маалымдоону жүзөгө ашырат

- көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө,

- саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө,

- талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каржылык отчеттору жөнүндө.»;

8) 3.4-пункттун биринчи абзацында «интернет» деген сөз «жана интернет- басылмалар» деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 3.4-1-пункт менен толукталсын:

«3.4-1. Маалыматтык теле жана радио программаларда, мезгилдүү басылмалардагы (менчигинин түрүнө карабастан) жарыялоолордо катталган талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы иш-чараларды өткөрүүсү жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө маалыматтык блок катары, комментарийсиз берилүүгө тийиш.

Мындай маалыматтык блокторго талапкерлер, каржылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, саясий партиялар акы төлөбөйт.

Аларда кайсыл бир талапкерге же саясий партияга артыкчылык берилбөөгө тийиш, кайсыл бир талапкерди же саясий партияны, мунун ичинде анын шайлоо алдындагы ишин чагылдыруу убактысы, мындай билдирүүлөр үчүн берилген эфир убактысынын же басылма аянтынын көлөмү боюнча кодулоого жол берилбөөгө тийиш.»;

10) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 3.5-1-пункт менен толукталсын:

«3.5-1.Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт.

Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрди колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, Брайль шрифтин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүгүнүн компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек.

Көрсөтүлгөн ченемдерди ишке ашыруу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган маалыматтын негизинде ДМЧА үчүн артыкчылыктуу болгон атайын форматта чыгарууга сунушталган материалдардын тизмеги боюнча маалыматтарды берет. Атайын форматта чыгарууга сунушталган материалдардын тизмеги ДМЧА коомчулугу менен макулдашуудан өтөт жана даярдоого жөнөтүлөт.»;

11) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 3.6-1-пункт менен толукталсын:

«3.6-1. Талапкерлер жана саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссиясында талапкер, талапкерлердин тизмелери катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү шайлоо комиссиясына программаларын берет. Тийиштүү шайлоо комиссиясы программаны алган учурдан тартып 24 сааттын ичинде талапкердин, саясий партиянын программасын расмий сайтта жарыялоо үчүн БШКга электрондук почта аркылуу өткөзүп берет.».

2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 11- февралы

 № 42