№ 114 “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).

2.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору ушул Жобонун аткарылышын жетекчиликке алышсын.

3.   Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 13-майы

№114