№ 265 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжайлары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун  Кемин, Москва жана Панфилов райондорунун 26 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, шайлоо өткөрүү үчүн төмөнкү аймактарда:  Кемин районунун Чым-Коргон, Кызыл-Октябрь, Алмалуу, Кара-Булак, Боролдой, Дуйшеев, Ильич, Ак-Туз жана Чоң-Кемин айылдык кеңештеринде 28 шайлоо участогун камтыган 19 көп мандаттуу шайлоо округу, Москва районунун Садовая, Сретенка, Беловодск, Чапаев, Толок, Целинный, Беш-Терек, Предтеченск, Биринчимай, Ак-Суу жана Петровка айылдык кеңештеринде 37 шайлоо участогун камтыган 28 көп мандаттуу шайлоо округу, Панфилов районунун  Вознесеновка, Орто, Курама, Курпулдек, Чалдыбар, Фрунзе айылдык кеңештеринде 27 шайлоо участогун камтыган 17 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн.

 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин, Москва жана Панфилов шайлоо комиссиялары берген  протоколдорунун негизинде,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун:

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Кемин  аймактык шайлоо комиссиясынын: Чым-Коргон, Кызыл-Октябрь, Алмалуу, Кара-Булак, Боролдой, Дуйшеев, Ильич, Ак-Туз, Чоң-Кемин айылдык кеңештеринин;

- 2016-жылдын 14-декабрындагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын: Садовая, Сретенка, Беловодск, Чапаев, Толок, Целинный, Беш-Терек, Предтеченск, Биринчимай, Ак-Суу, Петровка айылдык кеңештеринин;

-2016-жылдын 14-декабрындагы Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын: Вознесеновка, Орто, Курама, Күрпүлдөк, Чалдыбар, Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин. 

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин, Москва жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

3.Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2016-жылдын 24-декабры

№ 265