№ 197 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,21-пункттарын жана башка мыйзамдарды жетекчиликке алып, эл аралык байкоочулардын шайлоо жана референдумдагы иш тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).

2. Эл аралык (чет элдик) байкоочуну аккредитациялоого арыздын үлгүсү жактырылсын (№2 тиркеме).

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.  

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча убактылуу борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу”  2010-жылдын 10-майындагы №10 токтому;  

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2011-жылдын 11-июлундагы № 14 токтому;  

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын  шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2012-жылдын 3-ноябрындагы № 136 токтому;  

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартибин бекитүү жөнүндө” 2015-жылдын 28-июлундагы № 87 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абрахматовага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 09-ноябры

№197