№160 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 75 Жарлыгы  менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 25 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 37564тү түзүп, анын ичинен 24249 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 64,5 % түзөт.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жалал-Абадаймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абадшаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 16-июну,  

№ 160