№268 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартовадан шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түшкөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 8-бөлүгүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Р. Карасартованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карасартова Салтанат Рахмановнанын ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Карасартова Салтанат Рахмановнага берилген №9 каттоо ырастамасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 23-июлу
№268