№222 2017-жылдын 5, 7-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

5, 7-июлуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой, Бостери, Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу, Орок, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кара-Кулжа, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Ысык-Көл, Сокулук, Кара-Кулжа, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Тюлегенов Каныбек Турсуналиевич табылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жамангулов Алмаз Абдымаликович табылсын.

3. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Нурманбетов Замир Оморбекович табылсын.

4. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

4.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

4.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чоодуев Уран Казымбекович табылсын.

5.  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

5.1. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

5.2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Ормокеев Айбек Алимбекович табылсын.

6. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

6.1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

6.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Тиллабаев Жылдызбек Абытович табылсын.

7. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН  БАСАРЫ                                          А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш, 2017-жылдын 11-июлу, 
№ 222