Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 30.01.2020 №26 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү …

30.01.2020 №26 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» ...

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүктөрүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшүн тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2, 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо (1-тиркеме) төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

«8. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсүнүн сыпаттамасы:

Күбөлүк сырты булгаары менен капталган, 90х60 мм өлчөмүндөгү кочкул-кызгылт өңдүү китепче болот.

Күбөлүктүн тышкы бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык сүрөттөлүшү көрсөтүлөт жана алтын түстүү фольга менен аткарылган “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” деген баш тамгалар менен эки сапта жайгаштырылат.

Күбөлүктүн ички чаптамасынын сол четине “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” деген жазуу, анын алдына – 20 мм диаметринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык көрүнүшү, анын алдында – “жергиликтүү кеңеш” деген жазуу, анын алдына – күбөлүктү колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт, оң тарабында гербдин деңгээлинде 30х40 мм өлчөмүндө жалтырак фотокагазда аткарылган күбөлүктүн ээсинин анфас ракурсунда баш кийимсиз түшкөн түстүү сүрөтү жайгаштырылат.

         Сүрөт аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.

         Ички чаптамасынын оң тарабындагы бетине туурасы 3 мм болгон бир тилкеде оюу салынган лента жайгаштырылат, анын өйдөкү оң бурчуна – күбөлүктүн номуру - “№... күбөлүк” деп жазылат, төмөн жагындагы орто жериндеги сапта депутаттын фамилиясы баш тамгалар менен, фамилиясынын төмөн жагына – депутаттын аты-жөнү кичине тамгалар менен жайгаштырылат, аты-жөнүнүн төмөн жагына эки сапта жергиликтүү кеңештин мамлекеттик тилде толук аталышына улай “депутаты” деген сөз жайгаштырылат, төмөнкү оң бурчуна аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын инициалы жана фамилиясы баш тамгалар менен жазылып, алар аймактык шайлоо комиссиясынын тегерек герб мөөрү менен бекитилет.

         Төмөнкү сол бурчуна кичине тамгалар менен “Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы” деп жазылат. Күбөлүктүн ички чаптамасынын оң тарабынын борборуна ага жалпы өң берген 30 мм диаметриндеги көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Туусунун “Түндүк” элементи жайгаштырылат.

         Күбөлүктүн ички чаптамасы торчо түшүрүлгөн кызгылт-сары өндүү кагаздан жасалган өзүнчө бланкада даярдалат.»;

3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө Жобо (3-тиркеме) төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5. Төш белги 27±0,2 мм жана 26±0,2 мм чоңдук өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун стилдешкен желбиреген көрүнүшү. Туунун каскагы Тууга карата 5ºка кыйшайтылган жана Туунун үстүнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм жана төмөнкү бөлүгү 2,5±0,2 мм чыгып турат. Анын бардык өлчөмдөрү төш белгинин бет тарабы боюнча көрсөтүлгөн.

  Төш белгинин негизи “алтын” түстүү калыңдыгы 1,8±0,2 мм бүтүн латунь пластинасында даярдалат. Төш белгинин чүркөлөнгөн бөлүгү жылмаланып коюлууга тийиш. Төш белгинин бүткүл жогорку бөлүгү жылмаланган жана жаркылдаган көлөм түрүндө 1±0,2 мм бет маңдайкы тарабынын үстүнкү бети латунь негизиндеги оптикалык компаунт (лактын калың катмары) менен жасалат.

  Туунун каскагынын үстүнкү бөлүгү туурасы 3,15±0,2 мм. болгон учтуу формада жасалат. Каскактын узундугу анын учунан тартып  1,6±0,2 мм түзөт. Каскак “алтын” түс менен жабылат. Төш белгинин бет маңдайкы бөлүгүндө мамлекеттик Туу кызыл-кызгылт түстөгү акриль эмалы менен сырдалат. Туунун бардык периметри боюнча анын ички бети “алтын” түстөгү жылмаланган өң келтирилгенден кийин туурасы 1±0,2 мм болгон контурда (кантовка) болот.

  Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун “Түндүк” элементи көрсөтүлгөн. Төш белгинин төмөнкү үчтөн бир бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген жазуу жазылат, тамгалар бекем вертикалдык түрдө жайгаштырылып, 2±0,1 мм. бийиктигинде болот. Күн нурларынын, түндүктүн жана тиешелүү жазуулардын көрүнүшү “алтын” түстү жалатуу ыкмасы менен аткарылат. Түндүктө 40 күн нуру болууга тийиш. Түндүктүн жана андагы жазуулардын жайгаштырылышы борбордун ортосуна жана Туунун бардык тарабына карата симметриялуу болууга тийиш. Түндүктүн көрүнүнүшү толкун сымалдуу болгондугуна байланыштуу тегерек формада эмес, сүйрү формада көрүнөт. Түндүктүн тышкы вертикалдык өлчөмү күн нурлары менен бирге 9,5±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 10.6±0.1 мм түзөт. Түндүктүн ички вертикалдык өлчөмү 5,2±0,1 мм, туурасы боюнча өлчөмү 5,7±0,1 мм түзөт.

  Төш белгинин арткы бөлүгүндө бүчүлүгү чечилүүчү жерден фиксатор менен 0,7 мм 1.1 мм чейин жоондугу ийкемдүү болот зымынан төөнөгүч тибиндеги туурасынан кеткен бүчүлүк жасалган, ал төш белгинин негизине карата бекем жана ишенимдүү бекиткичи бар “ширетилген” ыкма менен жасалган төш белгинин негизине бекитилет. Болоттон жасалган зым бүчүлүгү чечилүүчү жерден кеминде эки (туурасынан жана бийиктигинен) жерге ишенимдүү бекитилүүгө тийиш жана ал өзүнүн огунда айланбагандай бекем болушу керек.».

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2019-жылдын 30-январы
№26