№ 124 Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл , Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Бекболот уулу У.,        Т. Алжанбаев комиссиянын курамынан, М. Акылбекова, М. Сыдыков  комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, ошондой эле Ө. Кымыданов, Т. Акунов аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына киргизилгендигине байланыштуу,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл  аймактык шайлоо комиссиянын

курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алжанбаев Тынчтыкбек Дамирбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Кыдыманов Өмүрбек Дүйшөнкулович   резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.  Ысык-Көл облусунун Тоң  аймактык шайлоо комиссиянын

курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бекболот уулу Улан комиссиянын курамынан чыгарылсын

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Арунов Табылды резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиянын

резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акылбекова Жумагүл Абдивахабовна, Сыдыков Мыктыбек Бакасович  резервден  чыгарылсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2017- жылдын 27 - майы

№ 124