Өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергендиктерине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-,3-пункттарына, 10- беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11- абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Биримдик” саясий партиясынан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Нурманбетова Гүлзат Садыркуловна курамдан чыгарылсын.
- “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асаналиева Назгүл Азисовна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ Ж.АКМАТОВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 16- сентябры
№255