№ 280 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 – беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 – беренелеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 11-январына саат 10-00гө дайындалсын.

2. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 30-декабры

№ 280