25.04.2021 №124 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 22 шайлоо участок түзүлгөн. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 12 саясий партия катталды, 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Кыргызстандын-элдик демократиялык партиясы» - 15,15% (7 мандат); «Ата-Журт» - 14,54% (7 мандат); «Ата-Журт Кыргызстан» - 14,53% (6 мандат); «Ыйман Нуру» - 12,68% (6 мандат); «Бир Бол» - 11,36% (5 мандат). Шайлоочулардын саны 30694 түзүп, анын ичинен 10660 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 34,73% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 22 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 12-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешине жиберилсин.
4.Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 25-апрели,
№ 124