№85 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-апрелиндеги    № 06-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов Айбек Жолдошбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 23 буйругу менен Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Анаркул уулу Нурдин, Кара-Буура айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 85-т тескемеси менен Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Тыналиев Кыдыр Омурбаевич, каза болгондугуна байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 11-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кочкор, Кара-Буура, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24-апрели
№ 85