2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Айдаркен, Исфана шаардык жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Баткен облусу боюнча 6 бирдиктүү жана 118 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Баткен облусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 3301 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 3052 талапкер катталган. Катталган талапкерлерден 1913үн саясий партиялар, 88 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 1051 өзүн өзү көрсөткөн.
Добуш берүүгө 97642 шайлоочу катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 44,13% түзөт.
Добуш берүүнүн жүрүшүн 3235 байкоочу байкап турган, анын ичинен 650 саясий партиялардан, 80 коммерциялык эмес уюмдардан, 2505 депутаттыка талапкерлерден.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 24-ноябрындагы №148 токтому менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылган.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусу боюнча шайлоо процессининин катышуучуларынан шайлоо мыйзамдарын бузууга карата болгону 9 кат жүзүндө кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) түшкөн: Кызыл-Кыя шаары боюнча 7 даттануу, Лейлек району боюнча 1, Баткен району боюнча 1.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кызыл-Кыя шаарынын №№ 8156, 8160, 8161, 8163, 8166, 8167, 8169, 8170 шайлоо участкаларында жана Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин № 8011 “Интернационал” шайлоо участогунда добуштарды кайрадан саноонү жүргүзүүнү өтүнгөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан саноо жүргүзүлгөн. Добуштарды кайрдан саноонун жыйынтыгы боюнча Кызыл-Кыя шаарынын №8167 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.
Аймактык шайлоо комиссияларын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 681 талапкер шайланган.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен облусунун Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24 –пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40 – беренесинин 4-бөлүгүнө, 62- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымат эске алынсын (1-тиркеме)
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовдун “2012-жылдын
25-ноябрында өткөн Баткен облусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү жөнүндө” кайрылуусу эске алынсын (2-тиркеме)
3. Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Айдаркен, Исфана шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
1) Кызыл Кыя шаарынын №8167 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын. Кызыл-Кыя шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун натыйжасы калган шайлоо участкаларындагы добуштардын жыйынтыгы менен аныкталсын.
2) Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.
3) Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Айдаркен, Исфана шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
4. Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Кара-Булак, Кыштут, Суу-Башы, Төрт-Күл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын;
Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Кара-Булак, Кыштут, Суу-Башы, Төрт-Күл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Кадамжай районунун Ак-Турпак, Алга, А. Масалиев, Бирлик, Көтөрмө, Кыргыз-Кыштак, Майдан, Марказ, Орозбеков, Үч-Коргон, Халмион, Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
Кадамжай районунун Ак-Турпак, Алга, А. Масалиев, Бирлик, Көтөрмө, Кыргыз-Кыштак, Майдан, Марказ, Орозбеков, Үч-Коргон, Халмион, Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
6. Лейлек районунун Ак-Суу, Жаңы-Жер, Катраң, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
Лейлек районунун Ак-Суу, Жаңы-Жер, Катраң, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
7. Төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (3-тиркеме).
8. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
9. Кызыл-Кыя шаарынын №8167, 8156 шайлоо участкалары жана Баткен облусунун Лейлек районунун № 8011 “Интернационал” шайлоо участогу боюнча шайлоо мыйзамынын бузулушу жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бузууларга жол берген адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн жиберилсин.
10. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 15-декабры
№ 151