Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 156 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай, Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык 5 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндөгү шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чаткал, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай, Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өттү деп таанылсын.
2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме тиркелет).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры
№144
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 5 - сентябрындагы № 144 - токтомуна тиркеме
|
№ |
Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты |
Добуштардын саны |
Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын тизмеси.
Чаткал району
Терек-Сай айылдык Кенеши
Терек-Сай шайлоо округу, 5 мандат
- Алымкулов Нарбек Абдымомунович 225
- Апсаматов Рахим Тургунович 188
- Сеитов Алмазбек Абдураимович 186
- Кожомжаров Замирбек Коконбаевич 167
- Омурзаков Бектур Жоомартович 155
Ак-Терек шайлоо округу, 3 мандат
- Чотбаев Абдиумар Эргешович 129
- Баимбетова Чынаргул Моолонкуловна 115
- Салибаев Уланбек Кожомкулович 105
Кызыл-Токой шайлоо округу, 3 мандат
- Мамасейитов Бектур Сайдумарович 142
10. Конокбаев Ороз Тойчубекович 138
11. Каипов Марат Эргешович 102
Тогуз-Торо району
Тогуз-Торо айылдык кеңеши
Ленин шайлоо округу, 7 мандат
- Кочорбаев Акылбек Сапарбекович 343
- Рыскул уулу Алтынбек 270
- Турусбеков Талантбек Оболканович 237
- Садыров Каламбай Кубатбекович 229
- Чекиев Эрнис Бешкемпирович 200
- Илиязов Нурзатбек Ашымович 197
- Карабаев Уланбек Тыйтаевич 188
Додомол шайлоо округу, 4 мандат
8.Эгембердиев Сейдалы Сатыбалдиевич 264
9.Куштарбек уулу Элтааны 175
10. Жамангараев Рахатбек Озуканович 174
11.Кыдыкбаева Бейшебубу Тентимишовна 173