Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 200 токтому менен “Акшумкар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси катталган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Акшумкар” саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер Таширов Юсупту, Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевичти, Кочоров Калдыбек Исмаиловичти чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 25-сентябрындагы № 20 протоколу келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Акшумкар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:
- Таширов Юсуп;
- Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевич;
- Кочоров Калдыбек Исмаилович.
2. Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
- “Акшумкар” саясий партиясынан 2010-жылдын 5-сентябрындагы №№ 33, 52, 105.
3. Бул токтом “Акшумкар” саясий партиясына билдирилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 27-сентябры
№ 282