“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 – главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Асанбеков Темирбек Ишенбаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.
2. Асанбеков Темирбек Ишенбаевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо”газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 22-сентябры.
№ 279