Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1- пунктун, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 50-беренесинин 3- бөлүгүн,“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү ниетин билдирген Арсланбек Касымакунович Малиев мамлекеттик тилди билбейт деп белгиленсин.
2. Арсланбек Касымакунович Малиев мамлекеттик тилди билбегендигине байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттодон баш тартылсын.
3. Арсланбек Касымакунович Малиевге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2011-жылдын 20-сентябры
№ 274