№350 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Анвар Айдарович Сартаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы “А.А.Сартаевдин арызы жөнүндө” №324 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А.Сартаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Вячеслав Владимирович Гончаровдун ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Вячеслав Владимирович Гончаровго берилген №52 каттоо ырастамасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Ушул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 15-августу
№350