№310 Бишкек; Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон; Ош облусунун Кара-Кулжа, Чоң-Алай; Талас облусунун Талас; Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.А Джаркымбаевдин, Д.М. Мусакуловдун, Шадыбек уулу К., С.С. Керимкуловдун, Р.Т. Бектенованын, Тынчтыкбек кызы А. комиссиялардын курамдарынан, А.А. Машаеванын, М.К. Мураталиеванын, Ч.К. Ормокееванын,  Г.К. Осконбаеванын, А.Т. Сулубаеванын, З.Н. Чомоеванын, М.Э. Эсенбаеванын, Э.Э. Байбосуновдун, А.Т. Темирбековдун  комиссиялардын резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Бир Бол” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джаркымбаев Альфред Абдишевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джетенбаев Канат Рахимбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусакулов Джусупахмат Маматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов Кутчубек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Машаева Айжаркын Аширбековна, Мураталиева Малика Кийикбаевна, Ормокеева Чынара Козуевна, Осконбаева Гулнара Мамытовна, Сулубаева Айганыш Турасановна, Чомоева Зинашкан Нурматовна, Эсенбаева Миргул Эсенбаевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
4.Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадыбек уулу Кудретилла комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эргешова Миңайым Камчыбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5.Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан үй куруучулардын партиясы” Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Керимкулов Серик Сабырбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бектенова Рыскүл Токтосуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байбосунов Эркин Элүүбаевич, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Темирбеков Адилет Темирбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын; 
-“Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сейталиева Рита Жуматаевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдраимов Асхат Батырканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6.Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тынчтыкбек кызы Алина комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Базаркулова Диана Анарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын  2-августу
№ 310