Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №405 Келдибеков Ахматбек Келдибековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына …

№405 Келдибеков Ахматбек Келдибековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

2017-жылдын 21- июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары –Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын жараны Келдибеков Ахматбек Келдибековичтен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызы келип түшкөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМ ИТББга Кыргыз Республикасынын жараны, 1966-жылдын 15-июнунда туулган Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата соттолгондугу бар экендиги тууралуу маалыматты берүү жөнүндө 2017-жылдын 24-июлунда чыг. № 01-9/947 суроо-талап жөнөтүлгөн.

КР ИИМ ИТББнын 2017-жылдын 25-июлундагы суроо-талапка берген жообуна чыг.№ 7/6890 ылайык: «1966-жылдын 15-июнунда туулган Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ТБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүгүндө, 303-беренесинин 1-бөлүгүндө, 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Иш боюнча чечим келип түшкөн эмес. 

2013-жылы Кыргыз  Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон».

Кыргыз  Республикасынын ИИМ ИТББга Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата козголгон кылмыш иштери боюнча чечимдер келип түшпөгөн жагдайга байланыштуу Жумушчу топ 2017-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата соттун өкүмүнүн чыккандыгы тууралуу маалымат берүү жөнүндө чыг.№ 01-12/979 суроо-талабын жөнөткөн. Өкүм чыккан учурда, Жумушчу топ чыгарылган соттук актылардын көчүрмөлөрүн берүүнү өтүнгөн.  

2017-жылдын 28-июлунда Жумушчу топтун дарегине Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун чыг.№ Н-17 каты келип түшкөн, анда  Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата чыгарылган соттук актылар тиркелген.

Келип түшкөн соттук актыларга ылайык, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек ш. Биринчи май райондук соту тарабынан А.К. Келдибековго карата өкүм чыгарылган жана ал ага ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттин кирешесине 30 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып түрүндөгү жаза дайындалган.

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү менен Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Келдибеков Ахматбек Келдибековичке Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча мамлекеттин кирешесине 50 000 (элүү миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, башкача айтканда, 5 000 000 (беш миллион) айып түрүндө жаза дайындалган.

Келдибеков Ахматбек Келдибекович Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча күнөлүү деп табылган жана мамлекеттин пайдасына 50 000 (элүү миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, башкача айтканда, 5 000 000 (беш миллион) айып түрүндө жаза дайындалган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 59-беренесине ылайык, биротоло жаза, дайындалган жазаларды толук кошуу жолу менен, 100 000 (жүз миң) эсептик көрсөткүчтөгү өлчөмдөгү башкача айтканда мамлекеттин кирешесине 10 000 000 (он миллион) сом айып түрүндөгү жаза белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү күчүндө калтырылган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз».

Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин соттологондугу алынып салынгандыгы же жоюлгандыгы жөнүндөгү маселени аныктоо максатында Жумушчу топ тарабынан 2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна А.К. Келдибековго карата соттолгондугу бар же сот тарабынан алынып салынгандыгы, ошондой эле А.К. Келдибеков же анын мыйзамдуу жактоочулары соттолгондугун алып салуу жөнүндө өтүнүч/арыз менен кайрылгандыгы жөнүндө маалымат берүү тууралуу чыг.№ 01-12/1005 суроо-талап жөнөтүлгөн.

Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине Келдибеков Ахматбек Келдибекович тарабынан соттук актылардын мамлекеттин кирешесине 10 млн. сом өлчөмүндө айып төлөө бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маалымат берүү тууралуу чыг.№ 01-12/1004 суроо-талап жөнөтүлгөн.

2017-жылдын 31-июлунда Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинен, карыздар Келдибеков Ахматбек Келдибекович аткаруу документтин талабын аткаргандыгы, ага байланыштуу аткаруу документ, аткарылган катары Бишкек ш. Биринчи май райондук сотуна кайтарылгандыгы жөнүндө чыг. № 04-15/302 жооп алынган, ага төлөнгөн  айыптардын квитанцияларынын көчүрмөлөрү тиркелген. Мында акыркы төлөм 2016-жылдын 08-ноябрында жүргүзүлгөн, квитанциянын №4700068.  

2017-жылдын 07-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чыг.№01-12/1057 суроо-талап  жөнөтүлүп, анда Жумушчу топ кайсы дата Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин соттолгондугу жоюлган датасы болуп эсептелинет тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

2017-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан түшкөн чыг. № 01-11/1429 жообуна ылайык: «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 76-бер. 3-бөл. 2-п. ылайык эркинен ажыратууга караганда жазалоонун кыйла жумшак түрүнө өкүм кылынган адамдардын соттолгондугу айып өтөлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин жоюлат, башкача айтканда, Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин соттолгондугу ал айыпты төлөгөндөн соң бир жыл өткөндөн кийин жоюлат».

Соттолгондугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени аныктоо максатында Жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Д. Бекназаровдун дарегине, А.К. Келдибековдун соттуулугу жоюу мөөнөтү аяктаганга чейин, соттуулугу алып салынгандыгын ырастоочу документтерди берүү тууралуу 2017-жылдын 07-августундагы чыг.№01-12/1058, 17-августундагы чыг.№01-12/1223  суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ахматбек Келдибекович Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Д. Бекназаров жогорудагы суроо-талаптарга 2017-жылдын 18-августундагы чыг.№ 1 каты менен Ахматбек Келдибекович Келдибековду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоо үчүн жетишпеген документтерди даярдоо жана берүү үчүн аларда убакыт бар экендигин көрсөткөн. 

Ыйгарым укуктуу өкүлүнөн аталган жооп алынгандан кийин Жумушчу топ 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чыг. №01-12/1260 суроо-талап менен кайрадан кайрылып, анда Ахматбек Келдибекович Келдибековдун сот органдарына соттолгондугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу жөнүндө арыз менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.     

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2017-жылдын 30-августундагы №01-7/1582 катына ылайык, 2017-жылдын 30-августундагы абал боюнча А. Келдибеков 1966-жылы 15-июнунда туулган, Ош облусунун Алай районунун тургуну же анын жактоочулары/өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын сот органдарына анын соттуулугун мөөнөтүнөн мурда алып салуу/жоюу боюнча кайрылган жок, ошондуктан бул маселе боюнча соттук акт чыгарылган эмес.

2017-жылдын 31-августундагы абал боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер А. Келдибеков соттуулугу жоюу мөөнөтү аяктаганга чейин, соттуулугу алып салынгандыгын ырастоочу документтерди берген жок.

Демек, жогоруда баяндалгандардан улам Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин 2017-жылдын 04-сентябрына карата абал боюнча мыйзамдарда белгилеген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Жарандар төмөнкүлөргө укуктуу: Ушул Конституцияда жана мыйзамдардарда белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу».

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык: «Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр ошондой эле аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин  жогорку кызмат ордуна шайлоодогу жарандардын пассивдүү шайлоо укугу соттолгондук менен байланышкан чектөөлөргө ээ. Ошондуктан конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: «Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз».

Мына ошондуктан, соттолгондугу алынып салынбаган жана жоюлбаган  Келдибеков Ахматбек  Келдибекович  Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна шайланууга укугу жок, башкача айтканда, пассивдүү шайлоо укугуна ээ эмес.

«Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамынын 53 –беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

Демек, Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Келдибеков Ахматбек  Келдибековичтин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.     

 Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20,52-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51,53- беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 4-сентябрындагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Келдибеков Ахматбек Келдибековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин шайлоо жана каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары тиркемеге ылайык токтотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Келдибеков Ахматбек Келдибековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо күбөлүктөрү тиркемеге ылайык, ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

4. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.  

ТӨРАГА                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 4-сентябры 
№ 405