№ 60 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 18-февралындагы №122 буйругу менен Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Маматаев Эркинбек Садырбекович, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 17-мартына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.  

2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 27-февралы

№ 60