24.04.2021 №119 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 24-апрели
№ 119