№171 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн-өзү көрсөтүү тууралуу Ө.Ч. Текебаевдин арызынын жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жолдошбеков Алмазбек Жолдошбекович катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Токтакунова Аниса Аскаралиевна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 20-июну

№ 171