№113 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро, Ак-Дөбө, Чүй облусунун  Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-июлдагы №Б-38/IV буйругу менен Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Сурапов Элеман Эргешович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 1-августундагы №Б-40/IV буйругу менен Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Буланбеков Уланбек Эсенбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 18-июлдагы  №212-р буйругу менен Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Паязов Сактанбек Паязович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.                                 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2019-жылдын 23-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2019-жылдын 23-августуна дайындалсын жана саат 15-00 дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Бакай-Ата, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары                                                   А.Бекматов

Бишкек ш., 2019-жылдын 06-август
№ 113