Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С.Рустенбековдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 – беренесинин 4 – бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2, 19 – пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С.Рустенбековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп - Рустембеков Мухутдин Сарыбагышевич, 1958-жылы туулган, жеке ишкер катталсын.
2. Рустембеков Мухутдин Сарыбагышевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ж.С.Рустенбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 10-августу
№ 91