“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн
1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ш.Б. Бердикулованын, Ж.Кыдыковдун арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынан (аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы) Бердикулова Шаринса Боронбаевна жана Кыдыков Жетимиш чыгарылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 16-марты
№ 46