№148 2018-жылдын 18-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 139 токтому менен 2018-жылдын 18-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Ош аймактык шайлоо комиссиянын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек,Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын шайланган мэри болуп Сарыбашов Таалайбек Насирбекович табылсын.
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 23-июлу
№ 148